• Шейшемби 9 Кулжа 2026
  • Вторник 9 Июнь 2026

Бүгүн айрым троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат

12 Чын куран 202416:39 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 12-апрелде айрым троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат.

Мэрия тараткан маалыматка ылайык, саат 19:00дөн тартып №11 жана №17 троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат. Мындан тышкары, №10 троллейбус каттамы жарым-жартылай өзгөртүлдү. Кыймыл «Фрунзе» заводунан 8-кичи районуна чейин жүргүзүлөт.

Шаардык троллейбус каттамдарынын ишиндеги убактылуу өзгөрүүлөр «Асанбай» бурулуш акыркы пунктунда канализация иштерин жүргүзүү зарылчылыгынан улам келип чыккан.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 13-апрелинен тарта бардык троллейбустар линияга чыгып, кадимки режимде иштей баштайт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жүргүнчүлөрдөн өзгөрүүлөрдү эске алуу менен сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат.

Количество просмотров: 154