• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй!Айтылуу актер көзү тирүү болгондо 82 жашка чыкмак…

9 Жетинин айы 2021 10:02 Бишкек Govori.TV


Бүгүн, 9-ноябрь КРнын эл сүрөтчүсү, атактуу актёр Сүймөнкул Чокморовдун туулган күнү. Тирүү болгондо 82 жашка чыкмак. Чокморов алгачкы ирет 1968-жылы режиссер Болот Шамшиевдин “Караш-Караш окуясы” фильминдеги башкы каарман Бактыгулдун ролун аткарып, буга чейин киного тартылып көрбөгөндүгүнө карабастан, башкы каарманды такшалган таланттуу актерлордун деңгээлинде ойноп, киного келген.

Алгачкы ролу менен жылдызы жанган актер “Караш-Караш окуясына” удаалаш 1969-жылы “Жамила” тасмасында Даниярдын, 1970-жылы “Атайын комиссарда” Хожаевдин, 1971-жылы “Ысык-Көлдүн кызгалдактарында” Карабалтанын, 1977-жылы тасмага түшкөн “Улан” фильминде Азаттын образын жараткан. Сүймөнкул эркектин мыкты ролун жаратканы үчүн Казакстан жана Орто Азия кинофестивалында, Тбилисидеги, Бакудагы, Еревандыгы Бүткүл Союздук кинофестивалдарда төрт жолу биринчи сыйлыктарды алган.

Белгилей кетсек, Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы Чүйдүн Аламүдүнүндөгү Чоң-Таш айылында туулган. Жараткан ролдору, актерлук чеберчилиги менен эстелик тургузуп кеткен залкар талант 1992-жылы 26-сентябрда узакка созулган оорудан каза тапкан.

Количество просмотров: 272