• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бүгүн автобус сүзүп кеткен кыз каза болду

7 Тогуздун айы 202412:45 Бишкек Govori.TV


Автобустун алдында калган кыз алган жараатынан улам каза болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБи билдирди.

Жол кырсыгы бүгүн, 7-октябрда саат ондор чамасында болгон. Автобус Чүй проспектиси менен чыгышты көздөй багыт алып бара жатып жол чийининен 18 жаштагы кызды сүзгөн. Жабырлануучу кыз алган жараатынан улам Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүнө жаткырылган.

Бул факты боюнча тиешелүү экспертиза дайындалып, автобус айып пул төлөөчү жайга токтотулду.

Количество просмотров: 565