• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Салянованын иши каралат

25 Бештин айы 2017 8:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.12.17.Govori.TV

Бүгүн 25-декабрда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештеги оппозициялык «Ата Мекен» фракциясынан депутаты Аида Саляновага байланыштуу ишти кароону улантат.

Акыркы жараян 21-декабрга коюлуп, бирок Салянованын ооруп калганына байланыштуу бүгүнкүгө жылган. Ага чейинки териштирүүлөрдө күбөлөр суралган.

Быйыл 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту Аида Салянованы Кылмыш кодексинин 304-беренеси (кызматынан кыянаттык менен пайдаланган) менен күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган. Чечимге ылайык, депутат жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөйт.

Бирок, Салянова өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, бул ишти “саясий буюртма” деп атап келет. Райондук соттун чечиминин үстүнөн доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

 

Количество просмотров: 5