• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бүгүн Бишкекте жарандык активисттер тынчтык митингин ѳткѳрѳт

5 Бештин айы 2018 9:51 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.11.2018. Govori.TV
Бүгүн Бишкекте жарандык активисттер тынчтык митингин ѳткѳрѳт. Бул тууралуу активисттер өздөрү билдиришти.
Маалыматка караганда, алар Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги ѳкүлчүлүгүнѳ кайрылуу жасап, суроо талаптарын киргизишет.
«Расмий Кытай бийлигинин, Кытайдагы этникалык топторго, анын ичинде кыргыздарга, казактарга, уйгурларга карата болуп жаткан адилетсиз кысымдарын токтотууну; расмий Кытай бийлигинин адам укуктарына каршы келген кадамдарына саясый баа берүүнү; өткѳрүлгѳн тынчтык акциясын талаптарын, БУУнун алдындагы Элдер Ассамблеясынын кароосуна жеткирүүнү сунуштайбыз», -дешет активисттер.
Количество просмотров: 19