• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бүгүн, Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт

8 Тогуздун айы 2018 9:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 08.10.2018. Govori.TV
Бүгүн, 8-октябрда Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, электр жарыгын берүү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу үзгүлтүккө учурайт.
Жарык өчүрүлүүчү аймактар: саат 9:00дөн саат 18:00гө чейин Фрунзе көчөсүндөгү №423-үйдө, саат 9:30дан саат 18:00гө чейин Валдай, Репин, Мостовой, Самойленко көчөсүндө, Салам-Алик конушунда жана Керемет жаңы конушунун Месароша, Профсоюз көчөлөрүндө, саат 9:30дан саат 12:00гө чейин 8-кичи районунун №32, 45-47, 45/1, 46/1, 46/2- үйлөрүндө, Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү №77, 79, 81, 83- үйлөрүндө, саат 9:30дан саат 17:00гө чейин 110-квартал, саат 9:30дан саат 14:00гө чейин Иса Ахунбаев, Шота Руставели көчөсү менен Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө, саат 15:00дөн саат 17:00гө чейин Токтогул, Сагынбай манасчы көчөсү менен Манас кең көчөсүндө электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.
Количество просмотров: 28