• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Бүгүн БШК партияларды расмий каттап бүтүүгө тийиш

3 Аяк оона 20209:15 Бишкек Govori.TV

БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү жараянын бүгүн, 3-сентябрда аякташы керек. 4-сентябрда үгүт башталат.

Шаршемби күнү төрт партиянын саясий жарышка катышуусуна уруксат берилди.

Алар «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы», “Бир Бол”, «Замандаш», “Ата-Мекен” партиялары.

Шайлоого катышууга 17 партия 24-августта документ тапшырган. Эреже бузган деген негизде документтери артка кайтарылган «Кыргызстан» сотто БШКны утуп алган.

120 мандаттуу Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленген.

Количество просмотров: 63