• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бүгүн Кыргызстанда Жашыл экономика жумалыгы башталат

15 Тогуздун айы 2018 9:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.10.2018.Govori.TV.
Иш-чаранын алкагында 15-октябрдан 21-октябрга чейин жашыл экономика боюнча талкуулар, окуулар болот. Жумалыкты Экономика, Айыл чарба жана мелиорация министрликтери Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ), БУУ жана «БизЭксперт» аналитикалык борборунун катышуусунда уюштуруп жатат. Бүгүн Бишкекте жерди туура иштетүү боюнча семинар өтөт. Жашыл экономика жумалыгы Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулууда.
Кыргыз өкмөтү бир топ жылдан бери мамлекет «жашыл экономикага өтсө өнүгөт» деген максат коюп келет.
Жашыл экономика жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана айлана-чөйрөгө зыян тийгизбөө принцибинде ишке ашууга тийиш.
Буга чейин Кыргызстан Париж келишимине кошулуп, абага зыяндуу газдарды чыгарууну 30% чейин азайтуу милдеттенмесин алган.

 

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 23