Президент Садыр Жапаров 23-октбярда жергиликтүү жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн жыйын өткөрөт.
Ал өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу баяндама жасап, ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берет.
Басма сөз жыйынды КТРК, республикалык жана облустук телеканалдар түз алып көрсөтөт.