• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бөтөлкөлөшүн өлтүрүүгө шектүү 53 жаштагы жаран кармалды

16 Аяк оона 2021 11:44 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Москва районунда бөтөлкөлөшүн өлтүрүүгө шектүү 53 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 9-сентябрь күнү болжол менен саат 10:47 чамаларында Москва РИИБдүн нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, Толок айылындагы үйлөрдүн биринде эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Москва РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышып, кароо учурунда 1972-жылы туулган А.Н.нин жансыз денеси табылган жана анын денесинде бир нече жаракаттары бар экендиги аныкталган.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексиннин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча катталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелишип, 1968-жылы туулган Ш.А., кармалып убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Алдын ала маалыматтын негизинде бул кылмыш спирт ичимдигин ичип отурган эки жарандын ортосундагы пикир келишпестиктен улам чыккан уруштун негизинде болгондугу белгилүү болгон.

Азыркы учурда бардык керектелүүчү экспертизалар дайындалган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Количество просмотров: 101