• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Мадумаровдун камалышы: «Бүтүн Кыргызстан» партиясы билдирүү таратты

4 Аяк оона 2023 22:30 Бишкек Govori.TV

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын саясий кеңеши Жогорку Кеңештин депутаты, партиянын лидери Адахан Мадумаровдун камалышына билдирүү жасашты.

Анда партиянын лидери одоно мыйзам бузуулар менен кармалып, камалганы белгиленген жана төмөндөгүлөр кошумчалаган.

«Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп туруп, өз алдынча чечим чыгарууга укугу да, мүмкүнчүлүгү да жок болчу, болгону мамлекет башчысы, ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин тапшырмасын аткарган. Протокол Кыргызстандын парламентинде да каралган эмес, демек анын күчү жок жана Кыргызстандын тажик тарап менен сүйлөшүүлөрүнө бул жолтоо болбошу керек. Эки өлкө жумушчу протоколго кол койгондон бери 14 жылдан ашык убакыт өттү. Мадумаров бул маселе боюнча өзүнүн позициясын бир нече жолу түшүндүргөн. Биринчиден, жерди ижарага берүү аны тажик тарапка берүү дегенди билдирбейт. Экинчиден, Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү Баткен-Исфана жолун куруу маселеси мына ушундайча чечилген», — деп жазылган кайрылууда.

Кошумчалай кетсек, Адахан Мадумаров парламенттеги оппозициялык көз караштагы «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери.

Аны 2-сентябрда Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткени белгилүү болгон. Биринчи май сотунун чечими менен ошол эле күнү депутат 24-октябга чейин камакка алынган.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаров боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлиги (ИИМ) тергеп жатканын билдирген.

Ал эми саясатчыны Кемпир-Абад иши боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Количество просмотров: 199