• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов кармалды

8 Бирдин айы 2022 23:18 Бишкек Govori.TV

Бишкекте «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өздүк булактарына таянып жазды.

Алдын ала маалыматка ылайык, ал бүгүн УКМКнын кызматкерлери тарабынан суракка чакырылып, андан соң камакка алынган. Мирлан Ураимов кайсы факт боюнча кармалганы белгисиз.

УКМКнын басма сөз борбору расмий комментарий бере элек.

Буга чейин Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орозайым Нарматова бир нече күн мурун УКМКнын кызматкерлери Ураимовго эскертүү беришкенин фейсбук баракчасына жазды.

Количество просмотров: 85