• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясы комиссиянын чечими тууралуу маалыматты четке какты

22 Кулжа 2023 13:29 Бишкек Govori.TV

“Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын катчылыгы депутат Адахан Мадумаров боюнча атайын депутаттык комиссиянын корутундсу чыга электигин билдирди. Ал эми фейсбук социалдык тармагындагы “Бүтүн Кыргызстан парламенттик фракциясы” баракчасы аларга тиешеси жок экенин айтты.

Буга чейин Жогорку Кеңеште депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия өз ишин жыйынтыктап, Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү боюнча корутундусун кабыл алганы тууралуу маалымат “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын фейсбук баракчасына чыккан.

Белгилей кетек, бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинде аталган маселе каралып, андан соң пленардык жыйынга алып чыгышат.

Количество просмотров: 87