• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Бүтүн Кыргызстанчылар» Турсунбай Бакир уулун «саткын» деп кыйкырып, тосуп алышты

7 Аяк оона 2020 17:42 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын доо арызы Бишкек шаардык админстративдик сотунда каралууда.

Анда соттун имаратынын алдына партиянын өкүлдөрү, тарапташтары жана «Бүтүн Кыргызстанды» колдоо максатында башка партиялардын өкүлдөрү да келген. Соттук отурумга катышуу үчүн келе жаткан Турсунбай Бакир уулун партиянын тарапташтары «саткын» деп кыйкырып, тосуп алышты.

https://youtu.be/pTmONtX-C1g

Буга чейин Бүтүн Кыргызстандын курамында шайлоого барууга аттанып кийин тизмеден чыгып калган Турсунбай Бакир уулу нааразы болуп, партиянын үстүнөн БШКга даттанган.

БШКнын жумушчу тобу муну партиянын ички иши деп, сотто чечип алууну сунуш кылган болчу.

БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» партиясы талапкерлерди аныктоодо эреже бузган деп таап, аны каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген.

Количество просмотров: 1975