• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ролик тартуу иштери үчүн 3,5 миллион сом коротулат

10 Баш оона 2018 9:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.08.2018. Govori.TV

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы жана жабылыш аземдери үчүн ролик даярдоого Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 3,5 миллион сом коротот. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жеңүүчү 20 мүнөттүк роликти тартуу иштери үчүн режиссер, оператор жана башка чыгармачыл топторду алып келиши керек. Тартуу иштери Ысык-Көлдө, Хан-Теңир тоосунда, талааларда жүргүзүлөт.
Съемкага 40 каскадер катышары белгилүү болду.
Количество просмотров: 11