• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Баңги кылмышына шектелген жаран кармалды

29 Аяк оона 2020 12:53 Бишкек Govori.TV

ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери баңги кылмышына шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 286-беренеси (Баңги каражаттарын, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды мыйзамсыз даярдоо) боюнча жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

«“Кыргыз Темир Жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын Бишкек-1 станциясынын аймагында ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну 1996-жылы туулган Г.Д. кармалган.
Кармоо учурунда шектүү далилдерден кутулууга аракет кылып, колундагы баштыгын ыргытып жиберген. Окуя болгон жерди кароо учурунда Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жогорудагы жаранга таандык баштыкты табышкан. Баштыкта жалпы салмагы 1 килограмм 365 граммды түзгөн өзгөчө жыты бар жашыл түстөгү каражат болгон», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматта кошумчалангандай, соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык табылып алынган каражат кара куурай тобундагы баңгизат болуп эсептелет.

Количество просмотров: 38