• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Баңгизат менен күрөшүү кызматынын жетекчиси эмнеден каза болгону айтылды

28 Кулжа 2020 12:14 Бишкек Govori.TV

ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Олег Запольский каза болду.
Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Запольский кечээ, 27-июнда 39 жашында көз жумган. Саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилова Олег Запольскийдин өпкөсү эки тарабынан тең пневмония болуп калганын Sputnik Кыргызстан агенттигине  билдирген.

“26-июнда анын (Олег Запольскийдин — ред.) достору чалып ооруканага жаткыруу керектигин айтышкан. Ошол эле күнү алып келгенде абалы оор болчу. Үйүндө аны кайсы дарыгер дарылап жатканын азырынча билбейм. Асма укол койгон экен. Ооруканага келгенде ал эки тараптуу пневмониянын оор түрү менен жабыркаганы аныкталды. Эртерээк кайрылса болмок экен, өтө кеч болуп калыптыр”, — деди Исмаилова.

Ошондой эле дарыгер Запольский ооруканада бир күн жаткандан кийин эле үзүлгөнүн айткан.

“Биринчи Улуттук госпиталда ачылган пневмония бөлүмүнө жаткырганбыз. Кычкылтек менен дем алып жаткан, эртеси эртең менен абалы жакшырып калган болчу. Кийинчерээк аны кыргыз-түрк ооруканасына алып баратканда абалы кескин начарлап кетип, жолдон №1 Шаардык клиникалык ооруканасына алып киришкен. Жандандыруу бөлүмүндө жатып көз жумду”, — деп билдирген Исмаилова. 

Олег Запольский 1981-жылы Бишкекте төрөлгөн. 2003-жылы Кыргыз-россия славян университетинин юридика факультетин аяктаган. Олег Запольский аталган кызматты 2019-жылдан бери жетектеп келген. Милициянын подполковниги. Буга чейин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары, ыкчам-издөө башкармалыгынын башчысы кызматтарын аркалаган.

Количество просмотров: 24721