• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Баңгизат саткандарды үстүнөн коргоп жүргөн милициянын полковниги кармалды

23 Жалган куран 2022 11:13 Бишкек Govori.TV

Баңгизаттарды сатуу менен алектенгендердин үстүнөн коргоп жүргөн КР ИИМдин мурдагы кызматкери, милициянын полковниги Р.Ю.М. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып, өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча коңшу мамлекеттин аймагына мыйзамсыз түрдө жалпы салмагы 11,51 кг баңгизатын алып өтүү аракети менен мурда кармалган А.М.А. жана К.К.М. карата козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында, бул кылмыш ишине катыштыгы бар үчүнчү адам, мурда кылмыш болгон жерден качып кеткен Кыргыз Республикасынын жараны О.А.Ы. кармалды.

Ошондой эле, алардын колдоочусу катары КР жараны, милициянын отставкадагы полковниги Р.Ю.М. кармалып, анын үйүн тинтүү учурунда баңгизаты табылып алынган. Бул жагдай анын баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар экенин тастыктады.

Азыркы учурда О.А.Ы. жана Р.Ю.М. Талас облусунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 239