• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Баалуу металлдар департаментинин директорунун орун басары алдамчылыкка шектелип жатат

3 Жалган куран 2023 15:07 Бишкек Govori.TV

Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин директорунун орун басарынын ишмердүүлүгүндө алдамчылык фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК Баалуу металлдар департаментинин директорунун орун басары Ж.М. тарабынан алдамчылык фактыларды аныктады.

«Ж.М. жооптуу кызматты ээлегенине таянып М.С. аттуу жарандын ишенимине кирип, аны мамлекеттик органдарга ишке орноштурууга убада берип, алдамчылык жолу менен 700 доллары өлчөмүндөгү накталай акча каражатын ээлеп алганы аныкталды»,-деп жазылат маалыматта.

Чогултулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги:
Количество просмотров: 143