Шайлоого бир апта калганда коомчулукка чыккан мурдагы депутат Өмүрбек Бабанов учурда партиясы «Республика» үчүн жан үрөп, шайлоого сүрөп жаткан чагы.
Саясаттан кеттим деп жар салган Бабанов кечээ кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, «Республика» партиясын колдоп, алдыга жолду тандоого чакырды.
Коомчулук мурунку саясатчынын кайрылуусун талкууга алып, саясаттан кеттим деген Бабанов кайра келдиби деген сыңары суроолор айтылууда.


