Бишкектеги мейманканалардын биринде пневмония менен ооруган жарандарга бейтапкана ачылат. Бул тууралуу «Республика» партиянын лидери Мирлан Жээнчороев айтып чыкты.
Анын айтымында, 40 бөлмөлүү мейманкананы «Республика» партиясынын экс-лидери, азыркы бизнесмен Өмүрбек Бабанов ижарага алган.
«Ал 5 дарыгерге, 15 медайымга айлык бөлүп берет. Ошондой эле аларды үч маал тамак менен камсыздайт. Бөлүмдөр күн сайын дезинфекцияланып турат », — деп билдирди Мирлан Жээнчороев.