• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бабанов президенттик шайлоого барабы?

2 Жетинин айы 2020 18:47 Бишкек Govori.TV

Мурдагы депутат Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого бара турганын же барбай турганын так жооп берген жок.

Ал жообун жакын арада элге кабарлай турганын билдирди. Талапкер болуу чечимин кабыл алуу үчүн убакыт керек экенин жана партиялаштары менен кеңеше турганын айтты.

“Кеңешип бармак кесип туруп, андан соң сөзсүз жообун айтабыз. Ким менен барам жана кимди колдойм анын бары жакында ачык айтылат”, — деди Бабанов.

Белгилей кетсек, саясатчы бүгүн, 2-ноябрда “Азаттыктын” түз эфиринде маек курду.

Эскерте кетсек, буга чейин президенттикке Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов көсөткөн.

Количество просмотров: 230