• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бабанов «Республика» партиясын каржылоону токтотту

18 Бирдин айы 2020 9:41 Бишкек Govori.TV

Өмүрбек Бабанов «Республика» партиясын каржылоону токтотту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, «Республика — Ата Жур» фракциясынын мүчөсү Кенжебек Бокоев «Азаттык» радиосуна билдирди.

Анын айтымында, партиянын экс-лидери Өмүрбек Бабанов саясаттан жана төрагалыктан кетип, партияны каржылоого да катышпай калган.

«Ушундан улам биз «шайлоого катышабыз» деп так айта албай турабыз. Себеби айрым партиялар курултайын өткөрүп, саясий кампанияларын баштап коюшту. Биз бир аз такалып турабыз. Биздин жаңы лидерибиз жаш, азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. 120 талапкерди тандап чыгуу өтө кыйын», — дейт ал.

Кенжебек Бокоевдин айтуусунда азырынча «Республика» шайлоого башка партиялар менен кошо баруу маселесин карай элек. Ал эми жергиликтүү шайлоодо партия Каракол шаардык кеңешине ат салышат.

Количество просмотров: 1692