• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бабанов сотко алынып келинди

2 Кулжа 2021 9:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-июнда мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасын кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна алып келишти.

Бабанов унаанын терезесинен кол булгалананга эле мүмкүнчүлүк болуп, жакындары менен учурашты.

Ал эми журналисттерге түшүнүксүз иштер болуп жатканын айтып, «Бул «беспредел», бардыгы абсурд», — деди саясатчы.

Ал эми сотунун алдына анын жакындары жана тарапташтары чогулуп, анын бөгөт чарасына байланыштуу чечимди күтүп жатышат.

31-майда Улуттук коопсуздук комитети Кумтөр ишине байланыштуу мурдагы жана азыркы бир нече аткаминерге айып койгон.

Ошол эле күнү кечинде Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалган.

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев 48 саатка кармалган.

Количество просмотров: 320