• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Байсалов: Эч кандай диппаспорт Батыровго 2010-жылы берилген эмес

9 Чын куран 2023 15:13 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев фейсбук баракчасына билдирүү жазган. Ал өз кайрылуусунда «июнь окуялары» боюнча соттук териштирүүнүн жүрүшүндө, Ахматбек Келдибековдун «Убактылуу Өкмөттүн кыйсы мүчөсү Кадыржан Батыровго дипломаттык паспорт бергени жөнүндө документтер бар» деп айтканын билдирип ага жооп берген.

«2023-жылдын 6-апрель күнү «июнь окуялары» боюнча соттук териштирүүнүн жүрүшүндө, Ахматбек Келдибековдун «Убактылуу Өкмөттүн кыйсы мүчөсү Кадыржан Батыровго дипломаттык паспорт бергени жөнүндө документтер бар. Кадыржан Батыровго дип.паспорт берүү өтүнүчүнө Убактылуу Өкмөттүн вице-премьер-министри Өмүрбек Текебаев жана аппарат жетекчиси Эдиль Байсалов кол коюшкан», деп көрсөтмө бериптир. Бул чындыкка дал келбеген, менин ар-намысыма, кадыр-баркыма жана ишкер беделиме доо келтирген жалган маалымат», — деп жазган Текебаев.

Ошондой ал өз кайрылуусунда эгер Келдибеков айткандарын төгүндөбөсө сотко кайрылууга аргасыз болоорун белгилеген.

Ал эми Текебаевдин билдирүүсүнүн алдына жогорудагы маселеде аты аталган Эдил Байсалов да жооп берген.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Байсалов бул маалымат жалган экенин айткан.

«Эч кандай диппаспорт Батыровго 2010-жылы берилген эмес. Бул жалган маалымат эчак төгүндөлгөн. Берилгени чын болсо, эчак муруңку бийлик муну алып чыгып, тээтиги 2015-2016-жылдары же ага чейин деле эле алып чыкмак», — деп жазды Байсалов.

Количество просмотров: 464