Бишкек.05.12.2018.Govori.TV
Кыргызстанда өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилип, изделип, дайынын таптырбай жүргөн Кадыржан Батыров 4-декабрда 62 жаш курагында көз жумду. Ал Украинанын Одесса шаарында жан берген.
Бул кабарды “Эркин Европа/Азаттык” өзбек кызматына Кадыровдун туугандары кабардын чын экенин тастыкташкан.
Алар, «4-декабрга оогон түнү Кадыржан Батыров куптан намазын окугандан кийин, ордунан турган эмес»,-деп билдиришкен.
Кадыржан Батыровго 2010-жылы Кыргызстанда «улут аралык жаңжалды козуткан», жана «башаламандык уюштурган» деген айып тагылган жана өмүр бою эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган эле.
Ал өзү 2016-жылдын октябрь айында «Азаттык» радиосунун өзбек кызматы менен маегинде Кыргызстандан 2010-жылдын 20-майында ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн сунушу менен сыртка чыгып кеткенин айтып, коомчулукту дүрбөткөн. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Кадыровдун бул пикирин четке каккан.
Батыров Кадыржан Алымович 1956-жылы туулган. Улуту өзбек.
Өзбек коомунун жетекчиси болуу менен Жогорку Кеңештин депутаты болууга дагы жетишкен. Аны коом жеке ишкер катары дагы таанычу. Мындан сырткары ал учурунда Жалал-Абаддагы Өзбек улуттук-маданият борборунун вице президенти болуп турган.