• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

К.Батыровдун сөөгүнүн кичи мекенине алынып келинүүсүнө кыргызстандыктар каршы

6 Бештин айы 2018 10:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.12.2018. Govori.TV

Маркум Кадыржан Батыровдун сөөгүнүн алынып келинүүсүн кыргызстандыктар каалабайт. Бул пикирди Жалал-Абаддагы өзбек диаспорасынын төрагасы Салижан Мадаминов билдирген.

Анын айтымында, К.Батыровдун сөөгүн алып келүү үчүн кыргыз бийлигинин макулдугу керек. Бийлик макул болбосо анын сөөгүн кичи мекенине алып келүүгө негиз жок.

«Менин оюмча анын сөөгүн алып келебиз деген учурда да бийлик оңой менен уруксат бербейт. Өз жерине алып келүү бир топ капачылыгы бар адамдардын нааразычылыгын күчтөндүрүшү мүмкүн. Бирок мага сөөгүн алып келбөө боюнча айыл аксакалдардан же жергиликтүүлөрдөн эч ким пикир айткан жок. Анын туугандары тарабынан сөөктү алып келүү боюнча ойлору бар экендигин ачыкташкан жок», — деп билдирди.

Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.
Айрым маалыматтарга караганда К.Батыровдун Жалал-Абадда бир тууган эжеси жашайт. Ал инисинин сөөгүн алып келүү ниети бар экенин билдирген. Бирок жергиликтүүлөр өз ара сүйлөшүү менен сөөгүн өлкөгө алып келбей эле коюу сунушун колдошкон. Жакын туугандары да көпчүлүктүн пикирин колдошкону айтылууда.

Кечээ, 6-декабрда Кадыржан Батыровдун кичи мекенинде куран окутулган.

 

Количество просмотров: 25