• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Байсалов саясатчы, активисттердин кармалышы боюнча үн катты

23 Тогуздун айы 2022 18:02 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов оппозициялык саясатчы, активисттердин үйү тинтилип жатканы боюнча видеобилдирүүсүн Фейсбуктагы баракчасында жайгаштырды. Анда Байсалов күч органдарынан тергөөнүн жыйынтыгын күтүү керек экенин айтып, өлкөдө демократиянын принциптери менен шайланган президент, парламент мыйзамдуу иш алып барып жатканын белгилеген.

Ошондой эле элди бийлик жетекчилеринин чечимдерин колдоого чакырган.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Тазабек Икрамов, Исхак Масалиев саясатчы, активисттердин үйүн тинтип, кармоону кескин сындап чыгышкан.

23-октябрда эртең менен “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөн оппозициялык саясатчы, жарандык активисттердин үйүн милиция тинтүүгө алынып, айрымдары милицияга жеткирилди.

Количество просмотров: 677