Бүгүндөн тарта Бишкекте Байтик Баатыр көчөсүнүн Кулатовдон Бөкөнбаевге чейинки бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бул жерде жол оңдоо иштери аяктады. Бирок, Байтик Баатыр Абдрахманов көчөсү Токомбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин оңдолууда. Буга чейин ремонттон кийин Токомбаевден Кулатовго чейин ачышкан. Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү жабык бойдон калууда. Оңдоп-түзөө иштери бүтсө бул тарабы да ачылып, шаардын жашоочуларына тоскоолдук жаралбай калат.