• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бакай-Атада 2 жашар бала изделүүдө

13 Чын куран 2021 10:04 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын 12-апрелинде саат болжолу 17:30 чамасында Бакай-Ата РИИБнүн Нөөмөт бөлүмүнө Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын тургуну телефон аркылуу: ошол эле күнү саат 15:30 чамасында Өзгөрүш айылынын Субан көчөсүнүн №150 ү.т. 2019-жылы туулган Айткулов Рамзан Адилетович үйүнүн эшигинин алдында ойноп жатып, белгисиз себептер менен жок болуп кеткендигин билдирген.

Окуя болгон жерге ошол эле замат Талас ОИИБи менен Бакай-Ата РИИБнүн тергөө-ыкчам топтору барып текшерүү иштерин жургүзүшкөн. Текшерүү учурунда, Р.Айткуловтун апасы саат болжолу 15:00 чамасында үйүнүн эшигинин алдында кайненеси экөө кир жууп жаткан, Рамзан жанында басып ойноп жүргөн. Жарым сааттан кийин эле баласын Рамзанды издеп таппай калышкан.

Аталган арыз Бакай-Ата РИИБнүн маалыматтарды эсепке алуу журналына катталды.

Жоголгон баланы издеп табуу максатында Талас ОИИБнин жана Бакай-Ата РИИБнүн 80ден ашык кызматкерлери, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6 кызматкери менен жергиликтүү айыл тургундары менен “Кара-Суу” жана “Талас” дарыясы бойлоп издөө иштери жүргүзүлдү. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык ал Талас дарыясына агып кетиши мүмкүн.

Аталган факты боюнча, азыркы учурда дайынсыз жоголгон Р.Айткуловду табуу максатында жогорудагы көрсөтүлгөн күч каражаттары менен “Талас” дарыясынын жээгинде жана токойдо издөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Талас ОИИБи 2 жаштагы баланы көргөн билгендер болсо, кабарлашып жардам берүүңүздөрдү суранат.

Белгилери: бою болжолу менен 55-65 см, дене түзүлүшү толук, чачы кыска курөң түстө, көздөрү күрөң түстө.

Кийген кийими: кара түстөгү водолазка, кызыл түстөгү чермей (безрукавка) астында кара түстөгү спорттук шым, бутунда кара түстөгү галош.

Жогорудагы бала тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, милицияга 102 кызматына кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Андан тышкары байланышуу үчүн телефондор: 03457 32314, 03422 6 0547,0701 131396, 0701 601 629, 0779 102 153

Количество просмотров: 1055