• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бакиев акталды

11 Бугу 2021 20:10 Бишкек Govori.TV

Жогорку сот Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин иниси Каныбек Бакиевге карата Жалал-Абад шаардык сотунун 2020-жылдын 25-мартындагы жана Жалал-Абад облустук сотунун 2020-жылдын 10-декабрындагы өкүмдөрүн жокко чыгарды. Мындай чечимди соттук коллегия 27-апрелде кабыл алганы 11-майда белгилүү болду.

Жогорку сот кабарлагандай, кылмыш ишинин материалдары толук изилденбегендигине, процесстик мыйзам бузууларга байланыштуу иш Жалал-Абад шаардык сотуна кайра кароого жөнөтүлдү.

Прокуратуранын бул боюнча кассациялык арызы канааттандырылды. Ал эми Каныбек Бакиевди толугу менен актоо боюнча адвокатынын кассациялык даттануусу четке кагылды.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Каныбек Бакиев «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен айыпталып Жалал-Абад шаардык сотунун 2020-жылдын 25-мартындагы өкүмү менен алты жылга кесилген.

Жалал-Абад облустук соту 2020-жылдын 10-декабрында шаардык соттун өкүмүн өзгөртүп, ага 4 млн. сом айып салган.

Количество просмотров: 356