Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев коронавирус илдетин жуктуруп алганын 24.kg агенттиги өздүк булактарына таянып жазды.
Маалыматка караганда, ал жана анын үй- бүлөсү 1-майда Минсктеги клиникалык ооруканаларынын бирине анализинен COVID-19 аныкталып жаткырылган.
“Коронавируска кабылган Бакиевдердин үй-бүлөсү мындан бир нече күн мурун ооруканадан чыгарылган. Алардын саламаттыгы жакшы»,-деп жазылат маалымат берген тараптын билдирүүсүндө.
Буга чейин Жаныш Бакиевдкрден COVID-19 илдети аныкталганы тууралуу маалымат тараган эле.
Эске салсак, Жаныш Бакиев 2010-жылдагы революциядан кийин ошол кездеги президент Курманбек Бакиев менен биргеликте үй-бүлөсүнө ошол жактан башпаанек алышкан.