• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Баку-Бишкек-Баку түз аба каттамы ишке киришти

23 Теке 2023 12:04 Бишкек Govori.TV

Баку-Бишкек багыты боюнча алгачкы рейс жекшемби күнү Эл аралык «Манас» аэропортуна келип конду. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан 23-июлда «Азаттыкка» билдиришти.

Буга чейин “Азербайжан аба жолдору” (AZAL) 15-июлдан тарта Бишкекке жана кайра артка жумасына бир ирет каттап турары айтылган. Ушул тапта аталган багыттар боюнча билеттер AZAL авикомпаниясынын сайтында сатылууда.

Эки өлкөнүн ортосундагы түз авиакаттам ачуу демилгеси азери президенти Илхам Алиевдин былтыр октбярь айында Кыргызстанга болгон алгачкы мамлекеттик сапарынын алкагында көтөрүлгөн.

Количество просмотров: 82