• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Бакыт Шаршембиевге кылмыш иши козголгон эмес

22 Тогуздун айы 2018 17:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.10.2018. Govori.TV
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы 8 кылмыш ишине тиешеси бар деп айтылып жаткан Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев боюнча маалымат таратты.
Аталган мекеменин маалыматына караганда, тергөө башкармалыгында бир канча кылмыш иштери турат. Бирок, Бакыт Шаршембиев аларга күбө катары гана катыштыгы бар. Ошондой эле, ага тиешелүү козголгон эч бир кылмыш ишинин жоктугу кошумчаланган.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Бакыт Шаршембиевдин 8 кылмыш ишине тиешеси бар деп айткан. Ал эми Шаршембиев өзү ал маалыматты четке кагып, парламентти сотко берем деп билдирген.
Количество просмотров: 19