• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бакыт Төрөбаев кулаган учак боюнча шек жараткан маалыматтарды алганын айтты

11 Тогуздун айы 2018 16:30 Бишкек Govori.TV
Бишкек.11.10.2018.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев 2017-жылдын 16-январында Дача-СУга кулаган учак тууралуу УКМКнын төрагасынын орун басарынан маалымат сурады.

Ал УКМКнын төрагасынын орун басарына кайрылып, аталган кырсык боюнча айрым шек жараткан маалыматтарды алганын билдирди.
«2017-жылдын 16-январында болгон окуя баарыбызга жакшы белгилүү. Бул боюнча такталбаган маалыматтарды айта кетейин. Учактын бортунда келген адамдардын саны боюнча ар кандай маалыматтар айылууда. Окуя болгон күнү ӨКМдин кызматкерлери ал жерге эмне үчүн  1 саат 40 мүнөттө кире алган эмес? Милиция кызматкерлери тосуп, аларды киргизбей койгону тууралуу айтылып жатат. Учактагы жүк кимдики болгондугу тууралуу да ар кандай пикирлер айтылып жүрөт. Жогорудагы иштер боюнча иликтөөлөр жүрүп жатабы? Натыйжа чыгабы? -деди эл өкүлү.
Ал эми УКМКнын төрагасынын орун басары булар боюнча маалыматтар жок экенин билдирди.

 

Количество просмотров: 32