• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Бала бакча кызматкерлери коронавируска анализ тапшырат

4 Кулжа 202016:14 Бишкек Govori.TV


Бишкектеги мамлекеттик жана менчик бала бакчалардын тарбиячылары толугу менен коронавируска анализ тапшырат. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда брифинг учурунда вице-мэр Татьяна Кузнецова билдирди.

Анын айтымында, мэриянын сунушун Республикалык штаб колдогон.

«Ар бир ата-эне балдарын коопсуз жакка жиберип жатканына ишениши керек. Ата-энелердин өзүнөн дагы үйдө тазалыкты сактап, балдарга маска алып беришин өтүнөбүз. Өзгөчө кырдаалда гигиенаны сактайлы», — деди вице-мэр.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү мекемелери эртең, 5-июндан тарта иштеп баштайт.

Количество просмотров: 103