• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бала-бакчалар качан иштеп баштайт? Вице-премьердин жообу

29 Чын куран 2020 12:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркинбек Асрандиев бала бакчалар качан иштей баштай тургандыгы тууралуу айтып берди.

Маалымат жыйында ага 11-майда жумушка чыга баштасак, бала бакчалар качан иштей баштайт деген суроо берилди.

Анын айтымында, 1, 11 жана 21-майда иштеп баштайт деген ишкана-мекемелерден тышкары, тизмеге кирбеген ишкана-мекемелер, анын ичинде билим берүү мекемелери, бала бакча, мектептер өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдери алынгандан кийин иштеп баштайт.

«Ал эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот. Эгер 1-июнга карата абал турукташса, алар 1-июндан тарта иштей баштайт. Эгерде андан кийин маселелер боло берсе, алар кийинчерээк 10, 15-июнда же июль айында ачылат», — деди ал.

Количество просмотров: 870