• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Баласын ара төрөп таштап кеткен ымыркайдын энеси ким? Сокулукта пара алган милиция кармалды. Соңку жаңылыктар 04 04 18

4 Чын куран 2018 13:18 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 04. 04. 2018. Govori.TV
«Электр станциялары» ишканасынын башчылары кармалды 
Бишкек жылуулук электр борборуна байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында «Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев жана ТЭЦти модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Рахат Сулайманов билдирди.УКМК 2-апрелде Бишкек ЖЭБинин, «Электр станциялары» ААКынын жана «Улуттук энерго холдинг» ААКнын бир топ кызматкерлерине Кылмыш жаза кодексинин 221 («Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабышы») беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча кылмыш ишин козгогон. Кыдырбаев менен Бримкулов ушул кылмыш иши боюнча айыпталууда.Коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдиргендей, бул кылмыш иши Бишкек ТЭЦги авария боюнча 30-январда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинен өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынган.
Пара алган милиция кармалды 
Чүй облусунун Сокулук районунда милициянын майору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, 31-март күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматына К.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда жабырлануучу андан Сокулук РИИБинин Р.Н. аттуу кызматкери опузалап акча алып жатканын айткан
Бишкекте ара төрөлгөн баланын денеси табылды 
Бишкектеги көчөлөрдүн биринен ара төрөлгөн ымыркайдын денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, ымыркай бүгүн, 4-апрелде эртең менен саат 8:00 чамасында Бөкөнбаев жана Герцен көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн алдында баштыкка салынган абалда табылган. Ал 4-5 айлык түйүлдүк экени маалыматта кошумчаланат.Окуя тууралуу жергиликтүү жашоочулар укук коргоо органдарына кабарлашкан. Учурда үйлөрдүн жашоочуларынан сурак жүргүзүлүп, баланын энеси изделүүдө.

 

Количество просмотров: 15