• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Балбак Түлөбаев: Азык-түлүккө болгон бааны жөнү жок көтөргөндөр жазаланат

14 Жалган куран 2020 18:33 Бишкек Govori.TV

Азык-түлүккө болгон бааны жөнү жок көтөргөндөр жазаланат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды. Анын айтымында, жергиликтүү бийлик жана акимиаттар базар, соода борборлорунун ээлери менен сүйлөшүүдө.

«Достор сабыр кылгыла! Тамак аш жетиштүү. Азык-түлүккө болгон бааны жөнү жок көтөргөндөр жазаланат. Баары тынч жана баары биздин колубузда. Жергиликтүү бийлик менен акимиаттар базар, соода борборлорунун ээлери менен сүйлөшүп жатат»,-деп жазган Балбак Түлөбаев.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектеги дүң сатып алуу базарларында азык-түлүккө келген жарандардын саны өскөндүгү тууралуу маалыматтар тараган.

Количество просмотров: 6508