• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Балбак Түлөбаев: Өзүбүз отурган бутакты кесип жатабыз

1 Кулжа 2022 12:28 Бишкек Govori.TV

Жогорку кеңештин жалпы жыйынында аскердик наамдар, класстык чиндер жана атайын наамдарды белгилөө боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча маселе каралып, талкууланды. Аталган мыйзам долбоору боюнча эл өкүлү Балбак Түлөбаев сөз сүйлөп, административдик аймактык реформага баруу керектигин белгиледи.

«Бул мыйзамда 20 миң кишиден ашкандарга чин, айлык берели деп. Кыргызстандын жарымында мындай айыл өкмөттөр жок. Айыл өкмөттөрдү иргелештириш керек. 3миң, 4 миң, 5миң, 2 миң кишиси бар айыл өкмөттөрдүн бардыгын 20 миңдик, 30 миңдик чекке алып келип, кошуп, ошолордун барына бирдей айлык, чин берүү керек», — деди ал.

Мындан сырткары учурда жаңы технолгиянын убагы экенин белгилеп, өкмөт тез арада аймактык реформага барбаса «өз бутагыбызды өзүбүз кескен болобуз», — деп эскертти.

Количество просмотров: 777