• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Балка менен башка чаап… Бишкекте ден соолукка оор зыян келтирген жаран колго түштү

5 Жетинин айы 2020 14:27 Бишкек Govori.TV

Бишкекте ден соолукка оор зыян келтирген жаранды кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрында болжол менен саат 16:40 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Ош базарында «атамды уруп жатат» деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1997-жылы туулган П.Ф. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 16:20 чамасында арыз ээсинин атасын болжол менен жашы 40-45 жаштардагы азият улутундагы адам темир балка менен чаап, денесине оор залакат алып келген. Ошол адамга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1975-жылы туулган Э.А. аттуу жаранды кармашып, Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты боюнча Ленин райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана Жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 138-беренесинин (Ден соолукка оор зыян келтирүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Количество просмотров: 165