• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Балыкчыда жаш балдар милиция кызматкерлери менен атышты

7 Баш оона 2018 10:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.08.2018. Govori.TV.
6-август саат 23:30дар чамасында Балыкчы шаардык ИИБне көчөдө жаш балдар чогулуп мылтык менен атышуу болуп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Ыссык-Көл ИИБ басма сөз кызматы билдирет.
«Окуя болуп жаткан жерге шаардык милициянын тергөө-оперативдик тобу жөнөтүлгөн. Ал жерде 4-5 бала болгон жана экөөнүн колунда мылтык бар экени катталган. Балдарга жакындап барганда бирөөсү милицияны көздөй ок чыгарган жана таш менен урган. Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес»,- деп айтылат маалыматта.
Оперативдик топ балдарга эскертүү катары асманга ок чыгарууга аргасыз болгон. Куралдарды тынчтык жолу менен тапшырып берүү талабына макул болбой, окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет кылышкан.
Атайын иш аракеттердин натыйжасында Тоң районунун Шорбулак айылынын тургуну А.Данияр жана анын теңтушу Балыкчы шаарынын тургуну У.Бакыт кармалган.
Алардан үч патрону менен «ИЖ-18ЕМ» маркасындагы эки курал табылган. Сурак учурунда кармалгандар досун сабаган тарап менен сүйлөшүү үчүн жолугууга үйдөн курал алып алышканын, милицияны көрүп У.Бакыт аттуу жигит ок чыгарганын айтып беришкен.
Балыкчы шаардык милициясы кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбашчылык) ылайык кылмыш ишин козгоду. Курал жарак каттоодо жок болгондуктан иликтөө иштери жүрүп жатат.
Количество просмотров: 47