• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол унаа жолун оңдоо иштери аяктоодо

19 Жетинин айы 202513:14 Бишкек Govori.TV

Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол унаа жолунун 0 — 25-чакырымдар аралыгында жол оңдоо иштери соңуна чыгып калды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, реконструкциянын алкагында жол төрт тилкелүү болуп кеңейип, анын жалпы туурасы 17,6 метрди түздү. Коопсуздукту жогорулатуу максатында жолдун ортосуна атайын тосмолор орнотулуп, жол сызыктары чийилди.

Мындан тышкары, 36 суу өткөрүүчү түтүктөр курулуп, 3 ири көпүрө жаңыланды.

Количество просмотров: 171