• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Балыкчы-Кочкор унаа жолу маал-маалы менен жабылат

28 Бирдин айы 202515:29 Бишкек Govori.TV

Балыкчы-Кочкор унаа жолу маал-маалы менен жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу » ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, Балыкчы-Кочкор темир жолун куруу долбоорунун алкагында 39+90-чакырымынан 42+90-чакырымына чейин Кубакы ашуусуна бурулушка чейинки бөлүгү курулуп жаткан темир жолдун 37-40-чакырымдарында жардыруу иштерине байланыштуу 5-марттан 5-майына чейин дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү саат 08:00дөн 17:30га чейин жабылат.

Белгилей кетсек, жардыруу иштери Балыкчы-Кочкор темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө.

«Айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү бул маалыматты эске алып, алдын ала альтернативдүү жолдорду пландаштырууга чакырабыз. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 216