• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Балыкчыда жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочу кармалды

18 Тогуздун айы 202411:56 Бишкек Govori.TV

Балыкчыда жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башмармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 17-октябрда болжол менен саат 17:10 чамасында Балыкчы шаарынын Аманбаев жана Туманов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу унаасы менен 2011-жылы туулган М.А. аттуу кызды сүзүп, качып кеткен.

Бул факты боюнча Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын жол тескөөчүлөрү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары “Хонда Фит” үлгүсүндөгү унаанын 1980-жылы туулган У.А. аттуу айдоочусун кармашкан.

Унаа айып короо жайына киргизилип, ал эми айдоочу андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн Тергөө кызматына өткөрүп берилди.

Количество просмотров: 263