• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Балыкчынын тургуну диний-экстремисттик көз караштан баш тартты

12 Чын куран 2023 11:45 Бишкек Govori.TV

Балыкчы шаарынын тургуну “Йакын инкар” диний-экстремисттик кыймылынын экстремисттик идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрүнүн ишмердигине бөгөт коюу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө, аны менен катар Балыкчы шаарындагы экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрү менен алдын алуу жана профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик кыймылынын активдүү мүчөлөрүнүн бири 46 жаштагы А.А.С. өзү тандап алган диний багытынын туура эместигин түшүнүп, экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды бул экстремисттик кыймылдын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.

Количество просмотров: 131