Нарын облусунда балык кармаганы кеткен эки адам беш күндөн бери дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу 10-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, Жумгал районунун Миң-Куш айылынын 43 жана 42 жаштагы эки тургуну 5-июнда Көкөмерен дарыясынан балык кармаганы Өрнөк айылына кетишкен. Ошо бойдон экөөнөн тең дайын жок болууда.
Издөө иштерине Жумгал райондук өрткө каршы куткаруу бөлүмдөрүнөн жалпысынан 13 куткаруучу тартылды. Издөө иштери уланууда.