• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Барскоон капчыгайында 17 жаштагы баланын жансыз денеси табылды

20 Теке 202210:39 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Барскоон капчыгайында 17 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-июлда Барскоон капчыгайына козу карын тергени чыгып кеткен Кичи-Жаргылчак айылынын 17 жаштагы тургуну дайынсыз жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат саат 18:00 чамасында Жети-Ɵгүз райондук Ɵзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө түшкөн.

«Издѳѳ иштерине 12 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 25 адам тартылып, түнкү саат 11де издөө токтотулган. Бүгүн таңкы саат 05:20да баланын жансыз денесин туугандары табышкан»,-деп айтылат маалыматта.

Ал эми анын сөөгүн тоодон түшүрүүнү Өзгөчө кырдаалдар бөлүгүнүн адистери колго алышкан.

Количество просмотров: 688