• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Башкы прокуратура коррупция менен күрөш эсебине 32 млн.сом которду

1 Тогуздун айы 2018 9:25 Бишкек Govori.TV
Бишкек.01.10.2018.Govori.TV.
Маалым болгондой, Башкы прокуратура коррупция менен күрөштөн өндүрүлгөн каражаттар топтолчу бирдиктүү эсепке 32 млн. 402 миң. 135 сом которду.
28-сентябрда Башкы прокуратура Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсепке 32 млн. 402 миң. 135 сом суммасындагы кажаратты которгон.
Бирдиктүү депозиттик эсепке прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча мамлекетке 123 млн. сом өлчөмүндөгү зыян кайтарылган.
Количество просмотров: 32