• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Башкы прокуратура шайлоого аттанган талапкерлердин тизмеси боюнча талдоо жүргүздү

25 Аяк оона 2020 15:31 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы алдыдагы парламенттик шайлоого аттанган саясий партиялар талапкерлердин тизмесин жарыялагандан тартып мыйзамдын сакталышы боюнча талдоо жүргүздү.

Мекеменин басма сөз кызматы 25-сентябрда билдиргендей, парламенттик шайлоодо 140 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер, мамлекеттик ишканалардын жетекчилери талапкер катары катталганы аныкталды.

Бул тизмеде жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да бар. Башкы көзөмөл органы талапкер катары аттанган кызматкерлер кызматтарын аткарууну убактылуу токтотконун кошумчалады.

Талдоого ылайык, талапкерлердин 85и парламенттин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары.

120 орундуу Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. Шайлоого 16 партия катышууда. Учурда шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү жүрүп жатат.

Количество просмотров: 46